Коронавирус  дагы 25 адамдан табылды. Айыккандары да бар

Коронавирус  дагы 25 адамдан табылды. Айыккандары да бар

Бүгүн, 9-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25  учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

• Бишкек ш. – 2

• Чуй облусу - 4

• Нарын облусу - 11

• Ош облусу - 3

• Жалал-Абад облусу - 4

• Баткен облусу - 1

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 931 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 8 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

• Бишкек ш. – 7

• Нарын облусу - 1

Республика боюнча  жалпы 658 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Белгилей кетсек, 23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал калтырылган. Ал дагы узарабы же жокпу белгисиз. 1-майдан тарта ишмердүүлүктүн айрым түрлөрү иштей баштаган.